Пекин шаарында Кыргыз-кытай инвестициялык форуму өттү

Бүгүн, 17-декабрда Пекин шаарында Кыргыз-кытай инвестициялык форуму өттү. Форумда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев өлкөлөр бекем экономикалык байланышта экенин белгилеп, мамилени өнүктүрүүгө ири потенциал бар экенин айтты.

"Кытай – Кыргыз Республикасынын эң жакынкы коңшуларынын бири жана ири инвестициялык өнөктөшү, мамлекеттер Улуу Жибек жолу аркылуу тыгыз байланышкан. Кытай менен кызматташтыкты өнүктүрүү биз үчүн экономикалык, социалдык багыттан тышкары зор тарыхый мааниге ээ. 2014-жылы кыргыз өлкөсүнүн Кытай менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 миллиард 180 миллион долларды түздү. Бул өлкөлөр үчүн экономикалык байланышты күчөтүүгө мүмкүндүк бар экенин көрсөтөт",- деди Кожошев.

Экономика министри кыргыз жеринде инвесторлор үчүн эң либералдуу мыйзамдар, ыңгайлуу салыктык систем жана арзан электр энергиясы, жумушчу күчү бар экенин билдирип, бизнес чөйрөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн активдүү иштер жүрүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан