Азия чемпиондугунда 31 медаль алган спортчулар 2017-жылы Азия оюндарында байгеге ээ болуп, өмүр бою бериле турган стипендияга илинүүгө аракет кылышат. Бул үчүн федерация тиешелүү даярдыктарды көрөт. Бул тууралуу КРнын Самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев билдирди.
Учурда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Олимпиада оюндарында жана Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга өмүр бою стипендия чектеп берүү маселесин карап жатат.
Кошумчалай кетсек, кыргыз самбочулары Казакстандын Атырау шаарында спорттук жана уруш түрүндөгү самбо боюнча Азия чемпиондугунда 31 медаль утушту. Анда жалпысынан 67 комплект медаль ойнотулган. Кыргыз спортчуларынан Калысбек Токтосун уулу (74 килограмм салмакта), Кубанычбек Көкүмов (100 килограммдан жогорку салмак), Анара Жумали (48 кг) жана Нуржанат Бекматова (44 кг) Азия чемпиону аталышты. Алардан тышкары 8 кыргыз спортчусу күмүш, 19 спортчу коло медаль тагынды.