Кыргыз мамлекети - Кытай газ түтүгүнөн кыргыз тарап 2 миллиард доллар киреше табары айтылууда

Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосунда 16-декабрда Кыргыз Республикасы - Кытай газ түтүгүн куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Экономика министрлиги аталган долбоор өлкөдөгү эң ири долбоорлордун бири болорун билдирип, аны ишке ашырууга 1,5 миллиард доллар жумшаларын кабарлады. Транзиттик газ түтүгүнөн мамлекетибиз 35 жылдын ичинде 2 миллиард доллар киреше табары алдын ала эсептөөлөрдө айтылууда.
"Кытай - кыргыз өлкөсүнүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Кытайдын 2014-жылы кошкон капиталдык салымы 200 миллион долларды түзгөн. Бул өлкөгө сырттан алынып келинген тикелей инвестициянын 30 пайызын түзөт",- деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан