"2016-жылдын республикалык бюджети" мыйзам долбоору боюнча өкмөткө суроо берүүгө 50 депутат жазылып, 20га жакыны гана сүйлөдү, талкууга 30 депутат жазылды. Минтип отурсак бүгүн карап бүтпөйбүз",- деген депутат Рыскелди Момбеков чектөө киргизүүнү сунуш кылды.
"Суроо берүүгө ар бир фракциядан экиден, талкууга бирден депутат жазылса жетиштүү болот. "Мен сүйлөйм" деп бул жакка жазылып алган популисттердин баары залда жок. Чектөө киргизип, ар бир фракциядан экиден депутат чыгып сүйлөп, концепциясын колдоп берели",- деген Момбеков бул сунушту 3-ирет алып чыкты.
Анын бул сунушу добушка коюлуп, депутаттар колдошту.