17-декабрда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып жатат. Жыйында айыл чарбасына 10 пайыздык жеңилдетилген насыя берүүгө 4 миллиард сомдун тегерегинде каражат каралып жатканы маалымдалды.
Талкууда депутат Мирлан Бакиров малдын башын идентификациялоону жүргүзмөйүнчө айыл чарбадан өлкөнүн экономикасына оң таасир болбостугун айтты. Депутат өкмөттү идентификациялоону тездетүүгө чакырды.
Андан кийин билим берүү тармагына каралган кошумча 1 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат окуу китептерин чыгарууга жана бала бакчалардын штаттарын толугу менен республикалык бюджетке алууга каралып жатканы белгилүү болду.