Ош облусундагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн которулган акча каражатынын көлөмү өсүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 16-декабрга карата атайын эсепте 43 миллион 573 646 сом жана 115 994 АКШ доллары бар. Бул каражаттар премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары жөнөтүлөт.
Жардам берүүнү каалагандар (0312) 54-79-01, 29-11-51 (Бишкек), (0770) 02-20-22, (03222) 2-22-39, 7-74-40 (Ош) номурлары аркылуу байланышка чыгып, каражат которушса болот.