Владимир Путин: "Украина менен болгон чырдын тезирээк токтошуна кызыкдарбыз"

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 17-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Украина боюнча Путин: "Биз Украинанын тегерегиндеги конфликттин мүмкүн болушунча тезирээк токтошуна кызыкдарбыз. Бирок Украинанын түштүк-чыгышындагы жарандарга күч колдонуп жок кылуу ыкмасы менен эмес. Евросоюздун лидерлери соода тармагында Украинаны жеңилдиктерден ажыратпоону суранышты. Бирок бизди ушундай кылууга аргасыз кылышты. Мындан ары Украина үчүн жеңилдиктер болбойт",- деп билдирди.

Орусия президенти кырдаалды жолго коюу боюнча Минск келишимин аткарбай койгону үчүн Украинаны айыптады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан