Самбо боюнча Азия чемпиондугунда жеңишке ээ болгон кыргыз спортчуларын Жалал-Абадда шаң менен тосушту (фото)

Казакстандын Атырау шаарында өткөн самбо боюнча Азия чемпиондугунда байгелүү орундарды багындырган кыргыз спортчулары Кубаныч Көкүмовду жана Нурисбек Бекбердиевди мекенинде шаң менен тосушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-декабрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен спортчуларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Алардын арасында УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы К.Бокаев, ЖАМУнун ректору А.Абдрашев, ОИИБдин башчысы Ж.Жоробеков, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорунун акимдери болду. Мындан тышкары иш-чарага ардагерлер, спортчулар, студенттер жана Жалал-Абад ОИИБинин өздүк курамы катышты.

Айта кетсек, 11-13-декабрь аралыгында Казакстандын Атырау шаарында спорттук жана уруш түрүндөгү самбо боюнча Азия чемпиондугу болуп өткөн. Бул күндөр аралыгында жалпысынан 67 комплект медаль ойнотулуп, кыргыз спортчулары 31 медаль багынтышкан.
Кыргыз спортчуларынан Калысбек Токтосун уулу (74 килограмм салмакта), Кубанычбек Көкүмов (100 килограммдан жогорку салмак), Анара Жумали (48 кг) жана Нуржанат Бекматова (44 кг) Азия чемпиону аталышкан. Алардан тышкары 8 кыргыз спортчусу күмүш, 19 спортчу коло медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
myshka406
2015-12-17 17:16:50
Азамаматсыздар баарыныздар.
+3
Nuranna_93_kg
2015-12-17 17:43:39
Тен жарымын эле биздин спортчулар утуп келишкен го.Азаматсынар.Алга кыргыз!!!
+5
murat88
2015-12-17 18:25:58
Азаматсыз Куку брат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан