18-19-декабрь күндөрү Бишкекте сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын кубогуна арналган мелдеш өтөт. Мелдеште 35 комплект медаль ойнотулат жана көп сандагы спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Анда жалпысынан түрдүү жаш курактагылар, кыз-келиндер, уландар арасында жеңүүчүлөр аныкталат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.