Орусиянын лидери Владимир Путин өзүнүн кыздары тууралуу журналисттин суроосуна жооп берди. "Кыздарым Орусияда эле жашашат, орусиялык жогорку окуу жайларын бүтүшкөн. Европалык үч тилде эркин сүйлөй алышат, мындай мүмкүнчүлүктү жумуштарында пайдаланышат. Кыздарым бизнес жана саясат менен алектенишпейт. Ар бир адам өзүнүн тагдырына ээлик кылат. Кыздарым эч качан "жылдыздуу балдар" болушкан эмес. Жөнөкөй жана татыктуу турмуш кечиришүүдө",- деди Путин.
Орусия президенти коопсуздук үчүн кыздары конкреттүү эмне менен алектенишери тууралуу айтуудан баш тартты.
Эскерте кетсек, Путин бүгүн жыл жыйынтыгы боюнча кеңейтилген маалымат жыйынын өткөрүүдө.