Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев Бажы кызматына жеке ишканалардын бири жакынкы күндөрү Jeep үлгүсүндөгү жаңы 6 унаа белек кылгандыгын айтып чыгып, унааларды сатып, каражатты бюджетке төгүүнү сунуштады.
Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов өкмөттөн унаалар кайсы жеке ишкана тарабынан берилгенин сурады. "Учурда катуу талкууга алынып жатат. Эмне үчүн жана кайсы ишкана берди? Азыр бир нерсе акысыз же жөндөн-жөн берилбейт",- деди депутат.
Бажы кызматынын өкүлү аталган 6 унаа орусиялык жана казакстандык жеке ишкана тарабынан акысыз берилгенин билдирди. "Акысыз берилип, унаалар Бажы кызматынын карамагына өткөрүлдү. Эгерде кааласаңыздар, биз кат түрүндө жооп беребиз",- деп жооп берди.