Жылнаама, 18-декабрь: Мындан 52 жыл мурун америкалык актёр Брэд Питт туулган

* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы Төлөмүш Океев Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында көз жумган.
Кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинград киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген.
Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргыз ССР Комсомолу, "Уркуясы" Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.
Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал "СССРдин Эл артисти", 1972-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган. Анын чыгармачылыктагы ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы саат 19:00 чамасында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында өрт чыккан. Өрт театрдын 2-кабатынан чыгып, 60 чарчы метр аянт күйгөн, жабыр тарткандар болгон эмес. 3 өрт өчүрүүчү унаа тилсиз жоону тез эле өчүрүүгө жетишкен. Өрттүн келип чыгышынын себеби электр зымына күч келгендиги менен түшүндүрүлгөн.

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы америкалык актёр Брэд Питт АКШнын Оклахома штатында Шавни шаарында туулган. Ал 80ден ашуун тасмага тартылган. Мисалга алсак: “Мистер жана миссис Смит”, “Вавилон”, “Оушендин 13 досу” ж.б. Брэд Питт “Оушендин 11 досу” (2001-жыл) тасмасында Растинин ролу үчүн 30 миллион доллар, “Троядагы” Ахиллестин образын жаратканы үчүн 18 миллион долларлуу болгон.

Брэд Питт баптисттердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы менеджер, апасы мугалим болгон. 1 жашында аны жергиликтүү телесериалга тартып кетишкен. Брэд өзү да, ата-энеси да андан атактуу актёр чыгарына ишенишкен эмес. Мектепти бүткөндө ал 360 доллар менен Лос-Анжелеске аттанган. Жогорку окуу жайдын журналистика бөлүмүнө тапшырып, эптеп акча табуу үчүн ресторанга кирген. Ал жерде официант эмес, жөжөнүн кийимин кийген “жарнама-бала” болуп иштеген. Брэдди “Даллас” сериалынын продюсери көрүп калып, тасма талаасына чакырган. Чыныгы популярдуулук Питтке 10 жылга созулган атактуу “Достор” сериалынан кийин келген.

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы партиялык диктатка каршы көтөрүлгөн казак жаштары Алматынын борбордук аянтындагы стихиялуу митингди улантышкан. Миңдеген адам Казакстан Компартиясынын биринчи катчысы Динмухамед Кунаевдин кызматынан бошотулуп, анын ордуна борбордон түшүрүлгөн Г.Колбиндин келишине каршы пикирлерин билдирип турушкан. Атайын түзүлгөн партиялык штабда демонстрацияны таратуу туурасында чечим чыгарылып, Алматыга алынып келген аскерлер адамдары ур-токмокко алып, аянтты бошотушкан. Аскер менен кагылышта миңдеген адам жаракат алып, алды соттолуп, айрым адамдар дайынсыз жоголгон.

18-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Deniza88
2015-12-18 09:23:17
Бред байкем деле карыптыр ээ ))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан