Бишкек - Ош унаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн гранттын эсебинен жасоо тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды

Бишкек - Ош унаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсү гранттын эсебинен жасалат. Буга байланышкан ратификациялык мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 17-декабрдагы жыйынында 1-окууда кабыл алды. Кыргыз өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун депутаттар 16-декабрда карап чыгышкан.

Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча, JICA Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Япониянын колдонуудагы мыйзамдарына жана нормативдик-укуктук актыларына ылайык, алмашуу ноталарынын алкагында 1 миллиард 196 миллион япон иенасы (¥ 1196,0 миллион) өлчөмүндө грант берет.

Бишкек – Ош унаа жолундагы Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрө 1969-жылы курулган, акыркы 20 жылда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан