Ошто соода түйүндөрүн жана базарларды көзөмөлдөөчү топ түзүлдү

Ош шаарынын аймагындагы бардык соода түйүндөрүндө жана базарларда кардарлардын укугун бузууну болтурбоо жана коргоо үчүн шаардык мэриянын алдында атайын жумушчу топ түзүлдү.

Мэриянын билдиришинче, жумушчу топ соода түйүндөрүн иштөө убактысы жана санитардык абал жазылган маалымат бурчун илүүгө милдеттендирет. Даттануу китеби жана чек чыгаруучу жабдуулары кардарлардын укугун коргоодо эң маанилүү экендиги эске алынып, камсыздоо боюнча билдирүү менен тамак-аш азыктарынын сертификаттары, товар жөнүндө толук маалыматтын жазылуусун, мамлекеттик жана расмий тилде маалымат жөнүндө эскертме берип, спирт ичимдиктерин жана тамекилерди өспүрүмдөргө саттырбоону талап кылышат. Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү алдырышат.

Талаптарды аткарбаган ишкерлер Ош мэриясынын алдындагы административдик комиссиянын кароосуна коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан