Бишкекте VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин алгачкы жыйынтыктары талкууланат

Бишкекте бүгүн, 18-декабрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин алгачкы жыйынтыктары талкууланат. Тегерек столдун темасы: "Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы парламентине мониторинг: биринчи кадамдар, алгачкы жыйынтыктар". Партиялардын шайлоо алдында берген убадалары, алардын канчалык аткарылганы, парламенттин жалпы ишмердүүлүгү талкууга алынмакчы. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен Европа коопсуздук кызматташтык уюму тарабынан ишке ашырылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан