Садык Шер-Нияз: “Республикалык бюджетти түптөөнү ар бир жаран ойлонууга милдеттүү”

“Социалдык тармактардын муктаждыктарына каралган акчанын суммасына караганда аздыр-көптүр өсүштөр бар”,- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз 17-декабрда “Парламент” радиосундагы маегинде. Депутат "жөлөк пул алгандардын тизмесин тиешелүү министрлик ачык жарыялап турушу керек" деген сунушун айтты.

“Бюджетти ири тартыштыктар менен канча жылдан бери кабыл алып келе жатабыз. Муну талкуулоого келгенде жарандар деле активдүү катышып, өз муктаждыктарын айтышат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, жалпы эле бийлик бутактарынан колдоо болор бекен деп үмүттөнүшөт. Бирок коомдук аң-сезим өзгөрүп, ошол бюджетти түптөөдө ар бир жаран "менин жеке салымым кандай болот..." деп дагы ойлонууга милдеттүү”,- деди Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан