Футбол боюнча Эл аралык “Достук кубогунда” 1-орунду багындырган команда 23 миң сом менен сыйланды

Ош шаарында футбол боюнча Эл аралык “Достук кубогу” мелдешинде 1-орунду ээлеген команданы жана түрк тили боюнча дүйнөлүк фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев быйылкы жыл Ош шаары үчүн жемиштүү болгонун айтып, анын катарында спорт жаатындагы ийгиликтер да көп болгонун белгиледи.

Быйыл шаарыбыздын “Алай” футболдук командасы мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду. Мындан тышкары биздин жаш футболчуларыбыз Казакстанда өткөн “Достук кубогу” мелдешинде 1-орунду багындырып келишти. Жакында Бүткүл дүйнөлүк футбол федерациясынын көмөгү менен шаарыбызда Футбол академиясы курула баштады. Ошондой эле шаарыбыздын окуучулары өздөрүнүн билими менен да эл аралык деңгээлге чыгышкандыгы бизди кубандырбай койбойт. Силердин эмгегиңерди, аракетиңерди мэрия, шаардыктар жогору баалайт жана ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр”,- деп кайрылды спортчуларга мэр.

Калаа башчысы Казакстан Республикасынын Тараз шаарында 2015-жылдын ноябрь айында өспүрүмдөр арасында өткөн футбол боюнча “Достук кубогунда” Ош шаарынын командасы 1-орунду багындырып келишкендиги үчүн 23 миң сом акчалай сыйлык жана оюнчуларга Ардак грамоталарды тапшырды.

Ошондой эле 17 мамлекеттин ортосундагы түрк тили сабагы боюнча Дүйнөлүк Олимпиадада алтын медалга ээ болгон 10-класстын окуучусу Сайкал Тойчуевага, күмүш медалды багындырган Алимбек кызы Нурсаулеге, алардын мугалимдерине грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
boss1991
2015-12-18 11:31:02
буларга стимул болот да сыйлык. мен деле женип барат окшойм.
0
aikol87
2015-12-18 11:43:52
Жакшы колдоп турганы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан