"Жыргалбек Саматовдун экинчи жарандыгы бар экени чын болсо, ага кылмыш ишин козгош керек",- деди депутат Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында. "Саматов өткөн чакырылышта да депутат болуп отуруп, бюджеттен каражат коротту. Эмне үчүн ошол учурда бул маселе такталган эмес? Демек, бул ишти аягына чыгарыш керек",- деди депутат.
БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов Саматовдун жарандыгы боюнча бир жылдан ашык убакыт текшерүү болгонун белгиледи. "Бирок биз эч кандай жыйынтыкка келе алган эмеспиз",- деди Акматов.