"Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Республика-Ата Журттан" талапкер болгон Жыргалбек Саматовдун жоопко тартылышын талап кылып жатат.
Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов Саматовдун экинчи жарандыгы аныкталса, укуктук баа бериле турганын айтты. "Мен бул боюнча маалымат каражаттарынан 17-декабрда гана окудум. Бул тууралуу Башкы прокуратурага маалымат келип түшө элек. Түшкөндөн кийин текшерүү жүргүзүлүп, укуктук баа берилет. Ошондуктан алдын ала айта албайм",- деди Токтогулов.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов БШКнын Саматов боюнча токтому бүгүн Башкы прокуратурага жибериле турганын билдирди. "16-декабрда биз токтом кабыл алганда көпчүлүгү "прокуратурага жиберилди" деп түшүнүп алыптыр. Мамлекеттик гезитке жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет. Бүгүн жарыяланып калса, биз прокуратурага жиберебиз",- деди Акматов.