Жогорку Кеңештин Унаа мекемесинин Иш башкармалыгын, атайын ооруканаларын жоюу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат

"Республика-Ата Журт" фракциясы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (“КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “КРнын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө”) мыйзамдын долбоорун талкуулап жатат.

Баяндама жасаган депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин чыгашаларын оптимизациялоого багытталган. "Мыйзам долбоору буга чейинки оптимизация боюнча кабыл алынган токтомду бекемдейт, себеби токтомду өзгөртүп койсо болот. Ошондой эле мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Унаа мекемесинин Иш башкармалыгын, атайын ооруканаларын жоюп, депутаттардын курал алуусуна тыюу салууга багытталган. Төраганын, төрага орун басарларынын унааларын өкмөттүн тейлөөсүнө өткөрүп беришибиз керек",- деди Жээнчороев.

Фракция мүчөлөрүнүн айрымдары атайын ооруканаларды калтырууну, айрымдары курал алууга тыюуну алып салууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан