“Дордой-Дыйкан” базарында 2 контейнер күйүп кетти

13-март күнү саат 22:30 чамасында Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан “Дордой-Дыйкан” базарында өрт чыгып, 300 чарчы метр аянтты ээлеген 2 контейнер күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Алдын ала алынган маалыматка караганда, өрт электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан келип чыккан. Ал эми өткөн суткада Кыргызстанда 8 өрт кырсыгы катталды. Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан