Никени каттоо аземин Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө өткөрүүнүн баасы 1732 сом деп бекитилди

Мамлекеттик каттоо кызматы Жарандык актылардын абалын жана калкты каттоо департаменти көрсөткөн тейлөөлөрдүн бааларын бекитти. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган департаменттин тейлөөлөрү төмөнкү баалар менен бекитилди:

1) Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча, департаменттин райондук бөлүмүнүн имаратынан тышкары никени салтанаттуу түрдө каттоонун акысы – 1265 сом;

2) Ушундай эле кызмат көрсөтүүнүн түрү Бишкек жана Ош шаарларында – 2665 сом;

3) Департаменттин райондук бөлүмүнүн имаратында никени каттоо – 556 сом;

4) Арыз берүүчүнүн каалоосуна ылайык, Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө никени каттоо аземин өткөрүү - 1732 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
shazi
2015-12-18 13:23:48
ну да..баардык нерсе бир гана акчасалык толооменен болуп калыптырда
+1
Sali83
2015-12-18 15:08:57
Бизде ушундай акчага никеге ошон учун катталбайтда кыргыздар.Россияда 380рубл эле
+1
begimai1989
2015-12-18 15:18:58
Биз москвадан 200руб менен отконбуз
+1
begimai1989
2015-12-18 15:23:45
Мурда бекер беле?
+2
aikol87
2015-12-18 15:28:22
Россиядан загс алыш учун никеси жок деген справка керек экен Алда бир Бишкектен алган жарайт экен.Кайсы жерден,кайсы документ менен алыш керек билгендер болсо жаза кеткилечи.
0
Sali83
2015-12-19 04:03:49
aikol87, Бишкектен Эркиндик бульвары 27 ден аласынар бат эле берет паспорт менен барасынар бир аз акча алат
0
Sali83
2015-12-19 04:05:34
aikol87, Бишкектен Эркиндик бульвары 27 ден аласынар бат эле берет паспорт менен барасынар бир аз акча алат.Эгер озунор бара албасанар нотариустан доверенность жазып берсенер туугандарга барып алса болот
0
aikol87
2015-12-19 22:35:04
Sali83, рахмат.
0
aikol87
2015-12-19 22:38:40
Sali83, рахмат.бишкеке бара турган Адам издешим керек экен Эми.
0
Shat.88
2015-12-18 20:00:01
Жази ичкен сууна деле,таштаган таштандына деле акча толоп атпайлыбы анан бул деле акча да.
0
alailyk-kyz
2015-12-18 23:26:36
Бул акча ошо жерге барып салтанаттуу тапшырылса алынат болуш керек.анткени биз 50 сомголе алганбыз арыз жазып 1айдан кийин барып алганбыз.ашыкча акча алган эмес аны да банкка тологонбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан