Кыргыз мамлекетинен сыртка чыккан мигранттардын саны өсүүдө

Кыргыз жарандарынын миграциялык агымынын өсүшү уланууда. Өкмөткө караштуу Миграциялык кызматтан бүгүн, 18-декабрда билдиришкендей, 2010-2012-жылдары өлкөдөн сырткы чыгып, кайрылып келбегендердин саны 150 миңден ашкан. 2013-2014-жылдары миграциялык агым 4 эсеге кыскарган. Мунун себебин аталган кызмат "өлкөдө улуттар аралык ынтымактын жана өлкө жарандарынын коопсуздук көрсөткүчүнүн жакшырышы, жарандардын ишке орношуучу негизги өлкөлөрү - Орусия менен Казакстанда экономикалык тармактын начарлашы" деп түшүндүрдү.

2010-жылы 1 миллион 195 миң кыргыз жараны өлкөдөн чыкса, 1 миллион 045 миңи өлкөгө кирген. Ал эми 2011-жылы 2774 жаран өлкөдөн чыгып, 2561 жаран кирген. 2012-жылы бул көрсөткүч 3434 - 3190 жаранды, 2013-жылы 3502 - 3461 жаранды, 2014-жылы 3580 - 3533 жаранды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан