"Кыргыздар тойдон акча аяшпайт, бирок балдарынын билим алуусу же ден соолугунан аяшат" дейт Сариев

Премьер-министр Темир Сариев балдардын татыктуу билим алуусуна жана саламаттыгына кам көрүү боюнча жарандардын психологиясын өзгөртүү зарылдыгын айтты. Бишкекте бүгүн, 18-декабрда балдарды камкордукка алуу темасы талкууланган жыйында өкмөт жетекчиси акча туура эмес пайдаланылып жатканын белгилейт.

“Биздин көптөгөн жарандарыбыз күнүгө же жумасына бир-эки жолу тойго барып, 2-5 миң сомго дейре чыгым кылышат. Бирок балдарга билим берүү жана ден соолугуна кам көрүүгө келгенде акча аяп калышат. Мисалы, 2,5 миң сомдук сапаттуу мектеп формасын сатып алуу же ысык тамактандырууга 500 сом төлөөнү кымбат деп эсептешет. Биз мындай баалуулуктарды өзгөртүшүбүз керек.

Бир жолу тойго барбай же негизсиз ашыкча чыгым коротой, балдардын татыктуу билим алышына жумшасак, пайдасы абдан чоң болмок. Бул жаатта мамлекет, коомчулук, баарыбыз биргеликте аракет кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз зарыл”,- деди Сариев.

2016-жылы балдарга билим берүү жана алардын саламаттыгын сактоо багытында 36 миллиард сомдой каражат каралганы айтылды.

"Сом түрүндө чоң сумма болуп көрүнгөнү менен, бул акча муктаждыктарды толук канааттандырууга жетишсиз. Экономиканы өнүктүрүп, жаңы иш орундарды түзүшүбүз керек жана анын эсебинен элдин жашоосун оңдошубуз зарыл",- деди премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан