Бишкектен чогулган салыктын 35 пайызын шаардын өзүнө калтыруу сунушун комиссия иликтейт

Бүгүн, 18-декабрда парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Бишкек шаардык кеңешинин кайрылуусу каралды. Шаардык кеңештин депутаты Союзбек Салиев борбор шаардан чогултулган салыктардын 35 пайызын шаар бюджетине калтыруу маселесин койду.

Талкууда парламент депутаты Алтынбек Жунус уулу салыктын 35 пайызын шаарга калтырууга каршылыгын билдирип, муну шаарга бир топ ири компаниялар катталганы менен түшүндүрдү. Башка шаарлар дагы мындай демилге менен чыгышы мүмкүн экенин белгиледи. Жыйынтыгында макулдашуу комиссиясы түзүлүп, маселени талкуулай турган болду. Комиссия курамына фракциянын, шаардык кеңештин депутаттары жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү киришти.

Белгилей кетсек, Каржы министрлиги мындай демилгеге каршы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан