Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызмат ордуна талапкер тандоо маселесин карады. Жыйында аталган кызматка Толкунбек Исаков, Табылды Акеров, Каныбек Осмоналиев, Камалдин Рахматулаев, Чолпон Койчуманова, Альберт Көлөпов, Рита Карасартова, Өмүрбек Рыскелдиев, Айтбай Абдыкадыров, Шадыкан Жакыпбеков, Абдували Балтабаев, Мавлян Аскарбековдун талапкерлиги талкууланды.
Жыйынтыгында фракция Мавлян Аскарбеков (сүрөттө солдо) менен Толкунбек Исаковдун талапкерлигин тандап алып, парламенттин кароосуна сунуш кылынды.