Бүгүн, 18-декабрда Улукбек Чыналиев Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Өлкө башчынын башка жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Сеит Убукеев кызматынан бошотулду.