“Бензиндин баасы дагы 0,5-1 сомго арзандады, бирок бул күтүлүп жаткан көрүнүш болчу”,- дейт КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурунку президенти Жумакадыр Акенеев. Ал SUPER.KG порталына 18-декабрда билдиргендей, күйүүчү-майлоочу каражаттарга баа 2015-жылдын башында эле арзандаш керек эле.
“Биз бензинди 100 пайыз Орусиядан алгандыктан, алар бааны түшүргүлөрү келбей, кымбат сатып жатышкан. Ал ортодо дүйнө жүзү боюнча күйүүчү-майлоочу каражаттардын наркы эбак түшкөн. Учурда Орусия базар экономикасынын талаптарына ылайык, арзандатууга аргасыз болду. Мындан тышкары Казакстандан аткезчилик жолу менен бензин кыргыз жергесине акырындык менен кирүүдө. Мунун баары анын арзандашына алып келүүдө”,- дейт Акенеев.
Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон соң Казакстан январь айында 6 жылдан бери биздин өлкөгө күйүүчү-майлоочу каражаттарга салган тыюусун алат. “Ошондо 2016-жылдын январь айынан тарта бензиндин баасы мындан да арзандашы мүмкүн, анткени кыргыз нефтетрейдерлерине эки өлкөнүн бензинин тандап сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Казак бензини орус бензининен 10-15 пайызга арзан”,- деди Акенеев.
Учурда “Газпром” май куюучу жайында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 40 сом 50 тыйындан 1 сомго арзандап, 39 сом 50 тыйынды түзүп калды. Ал эми АИ-80 34 сом 50 тыйындан 50 тыйынга арзандап, 34 сомдон сатылууда, АИ-95 43 сом 50 тыйындан 43 сомго түштү.