Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров ээлеген кызматынан бүгүн, 18-декабрда бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Кыдыров аталган кызматка 2010-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.