Алтын домбра, дөңгөлөк, аюу... Президенттерге берилген күтүүсүз белектер (фото)

Курал, түрдүү материалдардан жасалган өлкөнүн же шаардын эмблемалары, улуттук кийим, сейрек кездешүүчү китептер... Негизинен президенттерге ушул сыяктуу протоколдук белектер тартууланат. Жакында казакстандык компаниялардын бири президент Нурсултан Назарбаевге өзгөчө белек тартуулоо ниетин жарыялады... Постсоветтик айрым өлкөлөрдүн лидерлери алган белектер тууралуу орусиялык ММКлардын бири атайын макала жазды.

Казакстандагы зергердик компаниялардын бири 15-декабрда өлкө башчысына алтын домбра берүү ниетин ачыктады. Алтын домбра - жалгыз экземпляр, өзгөчөлүгү - Назарбаевдин сөзүнө жазылган ырдын музыкасын өз алдынча аткарат. Швейцариялык чеберлердин колунан жасалган домбра алтын, бриллиант менен жасалгаланып, баасы 50 миң евро турат.

Назарбаевдин белектеринин арасында өлкө жарандарынын бири тартуулаган эки тапанча дагы бар.

2007-жылы дагестандык Ахмет Сурхатилов президент Назарбаевдин туулган күнүнүн урматына Астана шаарында суу толтурулган контейнердин ичинде 10 мүнөт 3 секунд отурган. Ал эми быйыл Назарбаев Астанада жарманкеде жыгачтан жасалган кылычка кызыгып калган. Зер буюмдарын жасаган чебер кылычты президентке тартуу кылмакчы болгондо Назарбаев аны акчага сатып алууну чечкен (ар бирин 5000 теңгеден сатып алган).

Украинанын мурунку президенти Виктор Януковичтин баалуу белектеринин катарын ишкерлердин бири берген "алтын батон" толуктаган. Аталган өлкөдөгү бийлик алмашуудан кийин ММКлар бул белекти коррупциялашкан өлкөнүн символу катары кызуу талкуулашты. Кийин анын уурдалып кеткени айтылып, өлкөнүн Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогону белгилүү. Януковичтин алтындан жасалган белектеринин дагы бири - өзүнүн сөлөкөтү түшүрүлгөн алтын тыйын. Аны мамлекеттин Улуттук банкы 2013-жылы даярдап, тыйындын салмагы жарым килограммды түзгөн.

Украинанын азыркы президенти Пётр Порошенконун туулган күнүндө "Автомайдандын" өкүлдөрү өлкөнүн желегинин түсүндө - көк жана сары түстө боёлгон автоунаанын дөңгөлөгүн алып барышкан.

Беларусь президенти Александр Лукашенкого орусиялык ишкерлердин бири эң кымбат үлгүдөгү автоунаалардын катарына кирген Майбах унаасын тартуулаган.

"Мага аны туулган күнүмдө тартуулашты, аны мамлекетке өткөрүп бердим. Майбах унаасы тартууланбаган күндө да мен баары бир автоунаа сатып алышым керек болчу. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, бюджеттен чыгым болмок. Президент колдонуш үчүн мен аны өзгөчө маанидеги гаражга бердим",- деп билдирген Лукашенко.

Түркмөнстандын мурунку президенти Сапармурат Ниязовго анын мүнөзүнө жараша белектер тартууланганы айтылат. Мисалы, Грузиянын мурунку президенти Эдуард Шеварднадзе түркмөнбашыга күрөң кавказ аюусун белек кылып, муну "президенттик бийликке таандык күчтүн жана сыйкырдуулуктун символу" деп атаган. Ал эми белекке келген алтын куймаларын президент телеканалдардын бириндеги түз эфирден жарандарга көрсөткөн.

Түркмөнстандын учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовго эмне белек тартууланары анча белгилүү эмес. Мурунку президентке салыштырмалуу либералдуу деп эсептелген Бердымухамедов өзүн сырдуу алып жүрөт.

ММК жана укук коргоочулар президенттин белектерине өзгөчө көңүл бурушат. Түркмөнстан өкмөтүнө караштуу "Галкыныш" яхтасы орусиялык "Итера" компаниясынын белеги экени тууралуу маалыматтар айтылган, бирок компания маалыматты четке каккан.

Молдованын биринчи президенти Мирча Снегурга 2011-жылы (президенттиктен кеткенине көп болгон) туулган күнүндө өлкөнүн ички иштер министри Алексей Ройбу мамлекеттик чек аранын бекемдигинин символу катары тикендүү зымдын кесиндисин белек кылган.

Өлкөнүн башка президенти Владимир Воронинге оппоненттери кичинекей күрөк жана кум тартуулашкан. "Европалык аракет" кыймылынын өкүлдөрү муну менен президенттин кызматтан кетүү мөөнөтү келгенин, Воронин мындан ары өлкөнүн эң ийгиликтүү партиясын жетектөө менен эмес, неберелерин ойнотуу менен алектениши керектигин кыйыр түрдө билдиришкен.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили да күтүүсүз белектерди алган. АКШнын мурунку президенти Жорж Буш грузиялык кесиптешине өзүнүн аты жазылган жана Грузия менен АКШнын мамлекеттик желектеринин түсү колдонулган спорттук костюм жана кроссовка тартуу кылган. Түштүк кореялык ишкерлердин бири Саакашвилиге алтын жана нефриттен жасалган таажы белек кылганы айтылат.

Ал эми 2013-жылы Грузиянын азыркы президенти Георгий Маргвелашвили эч качан жаңы жылдык белек албаганын, билим берүү министри болуп турганда конфет сыяктуу майда-чүйдө белектер берилип, аны балдарга таратып бергенин айтканы бар.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге берилген белектер тууралуу... Быйыл мамлекет башчы маанилүү беттештин алдында футбол боюнча улуттук команданын даярдыгы менен стадиондо таанышкан. Анда кыргыз курамасы өлкө башчыга 01 саны менен футболка белек кылышып, селфи жасашкан.

Өлкө башчы туулган күнүндө белекке китеп алганды жактырары айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан