Бишкек мэриясынын ыкчам чараларды көрүү кызматына 11-декабрдан 18-декабрга чейинки аралыкта шаар тургундарынан 235 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. "185" ыкчам номуру аркылуу келген кайрылуулардын 104ү катталып, 52си аткарылган, калган 52си аткарылган эмес. Мэриядан кабарлашкандай, кайрылуулардын көбү шаардын коомдук транспорт, жылуулук жана электр менен камсыздоо маселелерине байланыштуу болгон.