Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги менен бүгүн, 18-декабрда Координациялык кеңеш 23-24-декабрда өтүүчү парламент жыйындарынын күн тартибин бекитти.
Жогорку Кеңеш 23-декабрда "Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана башка мыйзам долбоорлорун карайт.
24-декабрда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө", "Курал жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралмакчы.