2015-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүүчү 40 бала бакча ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ноябрь-декабрь айларында 19 бакча ачылган. Кыска мөөнөттүү бала бакчалар балдарга 3 сааттык билим беришет. "Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги көйгөйүн чечүү максатында 2000-жылдан тартып кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу киргизилген",- деп айтылат маалыматта.