* Мындан 20 жыл мурун, 1995-жылы Абдумалик Шерматов менен Динара Акулованын кызы, ырчы Малика Дина Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Бишкектеги №67-мектепти бүтүргөн.
Көпчүлүккө "Жолугабыз аз күндө", "Суранам", "Бактыма" аттуу ырлары менен таанымал. Ал эми Малика Динанын аткаруусундагы “Ойлорум сага” аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер ремейки” деп табылган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы Жюль Римэнин кубогунун оригиналы уурдалган. ФИФАнын эрежеси боюнча, Жюль Римэнин кубогун 3 жолу жеңип алган өлкө ага түбөлүк ээлик кылуу укугуна ээ болот.
1970-жылы бразилиялыктар Жюль Римэнин кубогун 3-ирет жеңип, аны биротоло мекенине алып кетишкен. 1983-жылдын 20-декабрында каракчылар аны Бразилиянын Футбол федерациясынын имаратынан уурдап кетишкен. Полиция кызматкерлеринин жан үрөп кылган аракеттери, убада кылынган миллиондогон акчалар сыйлыкты мурдагы калыбында кайтара алган эмес. Бул кылмыштын бетин ачуу 3 жылдан ашуун убакытка созулуп, алтын кубоктун эритилип сатылгандыгы аныкталган. Күнөөлүү деп табылган 3 адам камакка алынган: Жозе Луис да Силва (сүрөтчү), Франциско Жозе Роша (полиция кызматкери, экөө тең 9 жылга кесилген), Хуан Карлос Эрнандес (зергер, 3 жылга кесилген). Окуядан 10 жылдан кийин кылмышка катышы бар жергиликтүү кылмыш тобунун жетекчиси Сержио Айрес Перейра кармалып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Учурда аталган сыйлыктын көчүрмөсү Бразилияда сакталып турат.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы АКШда биринчи ирет “Титаник” тасмасы көрсөтүлгөн. Шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын режиссёру жана сценарийин жазган да Жеймс Кэмерон болгон. Тасманын бет ачары 1997-жылы 1-ноябрда Токио шаарындагы Эл аралык кинофестивалда болуп өткөн.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы "Сэнури" консервативдик партиясынын төрайымы Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп шайланган. Кызматка 2013-жылы киришкен. Пак Кын Хе - Корея Республикасынын 11-президенти, 2006-2012-жылдары "Улуу өлкө" партиясынын лидери. 1963-1979-жылдары Кореянын президенти болгон Пак Чон Хинин кызы. Энеси каза болгондон кийин атасынын жанында биринчи лединин милдеттерин аткарып жүргөн.
19-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.