Жылнаама, 20-декабрь: Мындан 66 жыл мурун ырчы, комузчу, күүчү, обончу Атай Огомбаев 49 жаш курагында катуу оорудан каза болгон

* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы ырчы, комузчу, күүчү, обончу Атай Огомбаев 49 жаш курагында катуу оорудан Таласта каза болгон.
Атай Огомбаев 1900-жылы Талас районундагы Көк-Кашат айылында туулган. 7 жашында комуз черте баштап, 13-14 жашында элдик ырлар менен күүлөрдү аткаруучу катары эл ичинде таанылып калган. 1920-жылдары алгачкы обон-күүлөрүн жаратып, өнөрпоз катары Талас өрөөнүнө атагы чыккан.
1926-жылы улуу ырчы Токтогул менен жолугушуп, ырчылык жана комузчулук таалимин алган. 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик театрына кирип, кийин филармонияга солист болуп которулган. Комузчулар ансамблин уюштурган. Артисттер болуп эл кыдырып концерт-оюн көрсөтүшкөн.
Анын "Күйдүм чок", "Эсимде", "Гүл", "Ой, булбул", "Жаштар" деген өңдүү ырлары угуучуларга кеңири таанымал. Атай Огомбаевге "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген наам берилип, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы көзү ачык, куучу Кубаныч Мурзаев каза болгон.
Ал "Аалам сырлары" телеберүүсүнүн 1-чыгарылышына катышып, финалга чыккандардын бири болгон. Аны Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар уурдап кетип, жаны чыкканча сабап өлтүрүшкөн. К.Мурзаевдин жансыз денеси "Манас" аэропортунан алыс эмес жерден табылган.
Маркумдун сөөгү 22-декабрда кичи мекени - Ош облусундагы Отуз-Адыр айылында жерге берилген.
Ошол эле жылы 25-декабрда Кубаныч Мурзаев жол кырсыгынан каза тапкандыгын ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы советтик телеалпаруучу, РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти Нина Кондратова көз жумган.
Нина Кондратова - эң алгачкы советтик телеалпаруучулардын бири. Ал тактыкты баалаган, элдин сүймөнчүгүнө айланган мыкты алып баруучу болгон.
1965-жылы айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болуп, Нина Кондратова ал жактан репортажды түз алып барып жатканда бука сүзүп, бир көзүн оюп кеткен. Ошол каргашалуу окуядан кийин Нина Кондратова теледен кетип, бирок күйөрмандары ар тараптан колдоп келишкен. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары жаш дикторлорду окутуу менен алектенген.

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Португалия өзүнүн колониясы болгон Макао аралын Кытайга 50 жылга саткан. Макаону 1557-жылдан бери Португалия башкарып келген. Кытай 2049-жылга чейин сатып алгандан кийин ал Кытай Эл Республикасынын эки административдик аймагынын бири болуп калган. Макао ачык порт болуп, дүйнөгө өзүнүн казино, ат майданы жана башка көңүл ачуучу жайлары менен белгилүү.

20-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан