Быйыл кар жаагандан бери чөөлөр короолорго кирип, малга кол салып жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын пикири боюнча, чөөлөр ачка болгондуктан, адам жашаган аймакка коркпой келишүүдө. "Жакында түнү менен калың кар жааган. Таңга маал чыксак, короодо 5-6 чөө жүрүптүр. Мени көрүп качып кетишкен. Бир койдун куйругун жеп кетишиптир. Эми кой мал болбойт, муну союш керек",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.