Премьер-министр Темир Сариев 18-декабрда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарага катышты.
Премьер-министр улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине дайыма жогорку талаптар коюлуп келгенин жана учурда коопсуздук эң башкы орунга чыгып, терроризм менен диний экстремизм сыяктуу коркунучтар күчөгөн шартта бул талаптар жана жоопкерчилик дагы жогорулаганын белгиледи.
Сариев Улуттук коопсуздук комитетинин ишинин дагы бир милдети коррупцияга каршы күрөш экенин белгилеп: “2015-жылдын 11 айындагы иштин жыйынтыгы боюнча, өлкөбүздүн бюджетине жана экономикасына келтирилген жана бети ачылган зыяндын суммасы 1 миллиард 490 миллион 213 миң сомду түздү, бирок ушул сумманын 272 миллион 940 миң сому же 18,3 пайызы гана кайтарылып берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруунун үстүнөн олуттуу иш жүргүзүлүшү шарт”,- деп билдирди.
Премьер-министр өкмөт улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында иштерди улантарын белгиледи.