Бүгүн, 19-декабрда саат 18:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев балатыны кооздоо иштери менен таанышышты.
"Жаңы жылдык балатынын бекем болуусу үчүн түбүнө жалпы салмагы 22,5 тонна бетон плиталары коюлган. Кытайдан алынып келинген 1530 жасалма бутактардан куралган балатыга 64 миң жарык берүүчү чырак орнотулду. Мындан тышкары улуттук стилдеги 1185 жасалга жана оюнчуктар илинди",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, 16-декабрда бул балаты текшерүү үчүн жандырылган.