"Ривер Плейт" (Аргентина) - "Барселона" (Испания) - 0:3
Голдор: Месси (36-мүнөттө), Суарес (49-мүнөттө), Суарес (68-мүнөттө)
Бүгүн, 20-декабрда Японияда клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Финалдык оюнда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү "Барселона" менен Либертадорес Кубогунун жеңүүчүсү "Ривер Плейт" клубу ойноду. Беттеш толук бойдон испаниялыктардын үстөмдүгү астында өттү. Алгач команда лидери Лионель Месси эсепти ачса, артынан Луис Суарес катары менен 2 гол жаратты. Жыйынтыгында Суарес эсебиндеги 5 голу менен (жарым финалда 3 гол жараткан) мелдештин башкы бомбардири аталды.
"Барселона" бул жеңиши менен мелдеш тарыхында 3-ирет чемпион аталды. Бул рекорддук көрсөткүч экенин белгилей кетишибиз керек. Буга чейин "Барса" 2009-жылы жана 2011-жылы дүйнөдөгү мыкты футболдук клуб болгон.