Аба ырайы, 21-декабрь: Өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт

21-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C

Талас облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -14°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -10°C

Баткен облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -11°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -12°C

Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C

Бишкек шаары. Күндүз -4°C, түнкүсүн -11°C

Эскертүү!

20-21-декабрда көпчүлүк аймактарда түнкүсүн мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде кар катуу жаайт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан