Жаш кыргыз рэперлеринин тушоо кесүү концертинде өлкөнүн мегажылдыздары катышып жатышат (фото)

Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаарынын Спорт Ордосунда жаш кыргыз рэперлери Баястан, Бегиш жана Каспердин "Zamanbap" альбомунун бет ачар концерти өтүп жатат. Иш-чара рэп аткаруучулардын белгилүү ырлары менен башталып, бийчилер топторунун массалык бийлери менен уланууда. Мындан тышкары рэперлер кыргыз шоу-бизнесинин жаш мегажылдыздары Мирбек Атабеков, Омар, Чолпонай, Иса Өмүркулов жана башкалар менен дуэт ырларын аткарышууда.

Алып баруучулар концерттин жүрүшүндө сынактарды уюштуруп, кече ээлеринин "Zamanbap" альбомун камтыган дисктерди жеңүүчүлөргө тапшырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bokonbaev
2015-12-20 20:45:17
Спорт ордосунда эмес бираз кичиреек жерде кылса болмок экен эле.эл деле аз келиптир сахна деле жасалбаптыр.эч болбосо сахнаны жасашып койсо болмок.чыгаша болмоюнча чыгаша болбойт туугандарым...
+2
Mervi
2015-12-20 21:15:50
bokonbaev, Киреше эмеспи
+2
bokonbaev
2015-12-20 22:00:56
Mervi, ой киреше кечиресиздер.. :)
+2
miron86
2015-12-20 21:57:55
Койгулачы,? ушулар мега жылдызбы?
-1
danik0101
2015-12-21 00:24:50
miron86, мен да мегажылдыз десе ким экен деп шашып кире калсам...
-1
tursunbaev2004
2015-12-21 00:36:51
Мейли Кыргыз онуксун колдоо
корсотуп койгула
+3
edu.kg.
2015-12-21 00:41:20
Мега жылдыздар реперлердин тушоо кесуу концертине катышты деп жазылып туратго. Мегала Атабековдор да )) сахнасы жасалбаса акчалары жоктур эмне кылсын анан,элге окшоп сауна иштетишпесе тушкон акчага айлап концерт койо алышпаса. Жакшы эле болуптур болот.
+7
ruslankg
2015-12-21 00:51:35
Кыргыз шоубизнесинин денгелиндеги жаш мега жылдыздарда туура эле.
+4
amanatym
2015-12-21 15:25:27
кайдагы мега жылдыз кулкум келтирбегилчи, суранам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан