Жалал-Абад облусу боюнча Малайзияга жолдомону 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова утту

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ММКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова табылды.

Зыягүл Искендерова Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миң-Өрүк айылындагы Токтосун Темирбаев атындагы №6-гимназия-мектебинде окуйт. Окуучу дил баянында айылындагы таза суунун жоктугун, ата-энеси үй салуу үчүн чет жакта иштеп жүргөнүн айтып берген. Сынакты Жалал-Абад облусу боюнча "Азаттык" радиосу жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

"Бул сынак тууралуу радиодон угуп, атам мага катышып көрүүнү сунуштады. Башында мен дил баянды башкача ыкмада жазган болчумун, бирок өзүмө жакпагандыктан, кайрадан жазууга туура келди. Айылыбызда таза суунун жоктугун, ата-энем үй салабыз деп кезектешип Орусияда иштеп жүргөнүн жана тоодогу таенемдин үйүндөгү турмушту дил баянга тиркедим. Сабактарымды аткарып бүтүп, дил баянды төрт күн бою түнү менен жазып чыктым. Андан соң сынакка жөнөттүк. Жакшы окусам, адамдар эч оорубай, жакшы иштешсе жана чет өлкөлөр менен байланышып иш кылса, Кыргыз Республикасы өнүгөт деп ойлойм",- дейт Зыягүл.

Кыздын атасы Кайрат Искендеровдун кубанып турган учуру.

"Чындыгында, "кызыңыз үч жеңүүчүнүн катарына кирди" деп мага телефон чалганыңарда кубанганымдан кыйкырып, секирип да жибердим. Мектеп директору жана эжелери телефон чалып куттукташты. Өзгөчө атам менен апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла! Орусиядагы апасы да кубанганынан ыйлап жиберди. Азыр да оюм бир жерде болбой, толкунданып турам. Ар ким чала берип башым да айланып калды. Бүгүн да сүйүнгөнүмдөн уктай албасам керек",- деди кыздын атасы.

Зыягүлдүн чоң энеси Карамат Усенова да кубанычы менен бөлүштү.

"Байлар же таанышы барлар биринчиликти алса керек деп ойлогом. Азыр эле мугалими менен ушул багытта сүйлөшүп отурганбыз. Буга чейин бир кызым сынактан өткөнүнө карабай чет өлкөгө даярданып жаткан учурда ордуна акчасы барлар башка бирөөнү киргизип жиберишкен. Бул жолу да биз ошондой болбосо экен деп күмөн санап жатканбыз, бирок абышкам сынак акыйкат өтөт деп бизди сооротуп койду. Неберем үйдө мага чакалап суу ташып берет, эми ал менин эрке кызыма айланып, көп суу ташытпайм деп турам (күлүп). Мектепте окуган балдарым мактоо баракчасын алып, Искендеров деген фамилия чыкса аябай толкунданып сүйүнчүмүн. Жаш болсо да эл-жер көрүп, билимин өркүндөтүп келсин",- деди чоң эне.

Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчү деп табылган Зыягүл Искедерованын дил баянын сунуштайбыз:

"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Кыргызстан - биздин эгемен мамлекет, бирок чоң атам айткандай, азырынча бай эмес. Биздин айыл Жалал-Абад шаарына жакын. Шаарга тез-тез каттап турабыз. Шаар көчөлөрү тар, машиналар көп. Кайда барсаң базар. Бул жерден алып тиги жерде кайра сата беришет, себеби шаардыктарга туруктуу иштөө үчүн жумуш жок. Ал эми айылда жер иштетип, мал багабыз. Алардан алган азык-түлүктү шаарга өткөрөбүз. Кышында көбүнчө иш жок. Мунун баары буюм же кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Жадакалса биздин көчөдө эки чоң мектеп болсо да, таза суу чыкпайт. Баарын узактан ташып ичебиз. Көп убактым суу ташыганга кетет.

Үй курабыз деп айылда алардын адистигине ылайык жумуштун жоктугунан атам, апам Москвада алмак-салмак иштеп келишет. Көбүнесе чоң ата-чоң энемдин карамагында калабыз. Чоң атам телевизордон дайыма кечки жаңылыктарды көрөт. Биз да чогуу көрөбүз. Биздин президентти көп көрсөтөт. Аны баарыбыз тааныйбыз. Ал өтө жакшы адам, себеби ал араздашкан эки элди жараштырып, өлкөгө тынчтык, ынтымак алып келген. Агай-эжейлерибиздин айлыгын көбөйтүп, көп бала бакчаларын ачкан. Түндүк-түштүк жолун курууга киришти. Эми биз Ысык-Көлгө тез эле сонун жол менен жетебиз. Мунун баарын бизге чоң атам айтты.

Биздин өлкөдө баары бар: суулар, токойлор, тоолор, көлдөр, жапайы жан-жаныбарлар. Ошол байлыгыбызды, жаратылышыбызды сактап, эс алуучу жайлар курулса, саякатчылар көп келип, элибиз байымак. Таята-таенем кооз тоо койнунда турушат. Мен көп барам. Токойдон жаңгак, алма, алча теришем, бирок мөмө-жемиштерди үйдө кургатабыз. Аларды эч ким сатып албайт, себеби баарында бар. Жөн эле ысырап болуп калат.

Чындыгында, менин Кыргызстаным кооз экенине суктанам. Биз жакшы окуп, ынтымактуу болуп, талыкпай эмгектенсек, баарыбыз бардар, өлкөбүз да бай болуп, мамлекетибиз өнүгүп, күчтүү болот.

Менин тилегим ата-апама жумуш болуп, биз менен экөө тең чогуу жашаса. Чоң ата-чоң энемдин пенсиясы көбөйүп, биз чогуу чет өлкөлөрдөн эс алып келели. Биз телевизордон көргөн Париж, Астанадагыдай бизде да бийик-бийик имараттар, музей, айбанаттар багы курулса. Айыл-шаарларыбыз таза болуп, эч ким оорубаса. "Жалал-Абад" курортубуз кеңейип, эс алуучулар көп келсе. Бул оюмдун баары сөзсүз орундалат. Мен ишенем.

Азыр биздин республика өлкөлөр, коңшу мамлекеттер менен карым-катнашта, ынтымакта. Ушул ынтымак бузулбай, тынчтык болсун. Албетте, биз Кыргызстаныбыздын өнүп-өсүшүнө чогуу салым кошобуз.

Зыягүл Искендерова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
suyom_seni
2015-12-21 09:41:41
Тилегин оорундалсын. Азамат! Соонун жазылган.
0
barpynynkyzy
2015-12-21 09:52:37
Баракелде! Кичинекей жердешимдин женишине аявай куванып жатам! Бул гимназиянын мугалимдери эн кучтуу мугалимдер, билим алган окуучулар да кыйын. Сынакты уюштурган эн коп нускалуу гезитибизге жана элчилике лично Кылычбек агайга чооооон рахмат! Ар дайым бар болунуздар!
Зиягул женишин кут болсун синдим, кыргыз эли учун жасаган чоон эмгектериндин башы Малайзияга саякаттан башталган болсун.
+1
shailoo2015
2015-12-21 09:55:16
Ата-энесин жаш болуп туруп ыйлатыптыр да.
0
deva
2015-12-21 10:01:02
Окуп алып көзүмө жаш алдым. "Жаштын тилегин берет" дешет. Тилектериң орундалсын, болочоктогу өкмөт башчы Зыягүл! Жакшы эс алып, жакшы идеялар менен кайт.
"Супер-Инфо" азамат! Кылычбек Султановго бали! Ушундай жакшы иш-чараларды өткөрүп жүрө бериңиздер. "Ушакчы гезит" дегендерге дагы бир жакшы жооп болуптур бул иш-чараңыздар.
+2
amanatym
2015-12-21 10:02:34
тиги баланыкына караганда бул кыздыкы жакшы болуптур.
0
armani.arman01
2015-12-21 10:03:24
Саламатсызбы Ош шаарынын жыйынтыгы чыга элекпи
0
Rasul_Rahmanaliev
2015-12-22 18:34:19
armani.arman01, Ош шаарынын Ноокат районунун Кожо келен айылындагы 8 б классынын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек утту,аны ЭлТР каналы тандады
+1
Pepichi
2015-12-21 11:08:31
Баракелде окуп козумон жаш чыгып кетти.
+1
jumka0505
2015-12-21 11:13:13
Азаматсын!Окуп атып ыйлап алдым.Тилектерин орундалсын.Сынак таза отконуно кубанып,оз жердешим женуучу болгонуна сыймыктанып калдым!!!
0
aytunuk
2015-12-21 11:25:35
Кудай тилегинди берсин
0
asad345
2015-12-21 14:29:43
Азамат
0
aikol87
2015-12-21 21:15:12
Мага эн жакканы ушул кыздын баяны болду.
+2
Lilia11
2015-12-21 23:03:34
Жалабаттык Зиягул Искендерова деген кыздын дил баяны мени аябай таасирлентти. Анткени учурдун жн койгойлуу маселелерин айтып соонун жазыптыр. Козумо жаш тегеренди окуп буткончо....
+1
asad345
2015-12-22 09:52:57
Азаттык жакшы тандаптыр бей тарап, калыс,туура. Ал эми окуучу кыргыз тилинин адабий, бай, нукура табигый жасалмасыз экендигин корсотуп тунук ойун жазыптыр
0
Мэри
2015-12-23 00:48:24
Жагоосу жакшы экен... ушундай жагоо тагынышат экен да...
Азамат!!!
+1
AKE777
2015-12-23 18:31:03
Өркүнүң өссүн!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан