Премьер-министр Темир Сариев 20-декабрда Аламүдүн районундагы “Чуңкурчак” лыжа базасындагы жаңы асма жолдун (канатная дорога) ачылышына катышты. Сариев өлкөдө кышкы спорттун түрлөрүн жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, аны толук колдонууга аракет жасалып жатканын билдирди.
"Бул лыжа базасы 1500дөн 3000ге чейинки адамдын кышкы спорттун түрү менен машыгып, эс алуусуна шарт түзөт. Мындай лыжа базаларын дагы көбөйтүп, жарандардын спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдоосуна шарт түзүүбүз керек",- деген премьер-министр бардык жарандарды спорт менен машыгып, саламаттыгын чыңдоого чакырды.