Өлкөдө паспорт берүү ишинин убактысы 2 сааттан ашпай турганы айтылды

Мындан ары жарандарга паспорт берүү ишинин убактысы 2 сааттан ашпайт. Муну 19-декабрда Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборунун ачылышында өкмөт башчы Темир Сариев билдирип, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу аракети жүрүп жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндүн талабына жараша алгачкы кадамдарды жасоодобуз. Жаңы борбордо бардык тийиштүү документтер электрондук форматта тапшырылат. Быйыл жалпы республика боюнча бул сыяктуу үч борбор ачылат. Ал эми 2016-жылы Калкты тейлөө борборлору ар бир облустук борбордо, андан соң ар бир райондо түзүлөт. Мунун өзү мамлекет калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүгө өтүп жатканын билдирет. Калкты тейлөө борборунда паспорттор ыкчам тартипте 2 саат ичинде автоматташтырылган маалыматтык системди колдонуу аркылуу берилет",- деди премьер.

Бирдиктүү автоматташтырылган систем студенттердин, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн, пенсионерлердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын так эсебин жүргүзүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан