Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-декабрда иш сапары менен Орусия Федерациясына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдө өз ара аракеттенишүүнүн келечегин талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан