Жогорку Кеңештин тармактык комитети өлкө бюджетине тийиштүү мыйзамдарды кеңейтилген жыйында талкуулап жатат

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отуруму өтүп жатат. Анда "КРнын 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө", "КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "КРнын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралат.

Комитет төрагасы Аскарбек Шадиев жыйынга өкмөт башчы Темир Сариев катышып жаткандыктан, 2016-жылга республикалык бюджеттин долбоорун биринчи карап берүүнү сунуш кылды. Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорлорун ирети менен кароону сунуштады. "2014-2015-жылдардагы республикалык бюджет боюнча көп деле талаштуу маселе жок, 2016-жылдын бюджети боюнча талкуу көпкө созулушу ыктымал. Ошондуктан тартиби менен карап кетели",- деди. Сунушту комитеттин башка мүчөлөрү колдоого алышып, 2014-жылдагы бюджеттин аткарылышын угуп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан