Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде аскер кызматчыларынын турак жай маселеси талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Башкы штабдын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, тегерек столго Коргоо кеңешинин, Коомдук байкоо кеңешинин эксперттери жана күч түзүмдөрү менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
"Талкуунун катышуучулары аскер кызматкерлерин үй менен камсыздоо, турак жай менен камсыздалуучу кезекте турган аскер адамдарынын каттоого турушунун тартибин уюштуруу, бөлүштүрүү тууралуу өз ара пикир алмашуулар жүрдү. Тегерек столго келгендер бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча бирдиктүү жол-жоболорду иштеп чыгышты",- деп айтылат маалыматта.