"Биз 24 жылдан бери эле кризисте жашайбыз" дейт Темир Сариев

"24 жылдан бери кризистик шартта жашап жатабыз",- деди өкмөт башчы Темир Сариев Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоору каралып жатканда. Сариевдин пикиринде, буга кыргыз жеринде нефтинин жоктугу себеп.

"Кыргыз жеринде газ жана нефть жок болгондуктан, артта калдык. Көпчүлүк өлкөлөр нефтинин эсебинен өнүгүп жатышат. Ошондуктан каатчылыкка каршы программа кабыл алганбыз. Бир топ маселелерди ошол жерде карадык. Анда текшерүүлөрдү кыскартуу, отчётторду кыскартуу каралган. Муну менен жеке, чакан жана ири ишканаларга колдоо көрсөтүү керек. Ошондой эле салыктарды чогултууну жергиликтүү бийликке өткөрүп берип жатабыз. Учурда Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бийлик салыктарды өзү чогултуп жатат. Жыйынтыгы жакшы",- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан