Базар-Коргондо үйдө даярдалган туздалган бадыраңдан ууланган үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү каза болду

Базар-Коргондо үйдө даярдалган туздалган бадыраңдан ууланган үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Базар-Коргон райондук ооруканасынын башкы дарыгери Замир Мырзабеков билдирди. Анын айтымында, 10 жаштагы Айдар Сманбеков жандандыруу бөлүмүндө жатып өзүнө келбей 18-декабрда каза болду.

Консерваланган бадыраңдан ууланган үй-бүлөнүн апасынын жана дагы эки кызынын абалдары канааттандырарлык. Алар палатага которулушту, буюрса, 3-4 күндө үйлөрүнө чыгарылышат”,- деди дарыгер.

Эскерте кетсек, 8-декабрда аял 4 баласы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык ооруканасына жеткирилген. Алардын консерваланган тамак-аштан улам ууланганы аныкталган. Кийинки күнү аялдын 14 жаштагы улуу кызы Диана Уланбек кызы каза болгон. Ал эми 10 жаштагы иниси оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Akmosha
2015-12-21 14:29:41
Ичим ачышып жатат,жаткан жерлери жайлуу болсун,калгандары ылайым жакшы болуп кетишсин.
+2
aikol87
2015-12-21 15:30:33
Иий кандай гана окунучтуу.
0
aza_74
2015-12-21 17:26:18
туздалган нерселер ачыбаш керек эле го кандайча ачыган себебин, ачыган бадырандын айырмасы кандай болоорун билгендер жазып койгулачы, жаман иш болуптур.
0
nurikzzz
2015-12-21 18:11:05
Сабыр сабыр сабыр.
0
aziz.k
2015-12-21 19:43:24
Кудайым сабыр берсин
0
bilbeim.dordoi
2015-12-21 23:30:25
Жаман болду, менин кошунам эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан