Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 21-декабрдагы жыйынында 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоору 2-окууда каралып жатат. Отурумда депутат Акылбек Жапаров өкмөт башчы Темир Сариевге кайрылып, ага өкмөттү дагы 3 жылдан 5 жылга чейин жетектеп турууну сунуш кылды. Жыл сайын өкмөт башчыны алмаштыруу натыйжасыз экенин айтты. "Убагында президент Алмазбек Атамбаев дагы өкмөт башчы болуп турганда ушул сунушту бердим эле, эми сизге сунуш кылып жатам. 3 же 5 жыл кетпей өкмөттү жетектеп берсеңиз жакшы болмок, ошондо жыйынтыгын билмекпиз",- деди Жапаров.